Кыргызстандагы айрым айыл аймактардын аталышы өзгөрөт. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды Кыргызстандын айыл аймактарына жана айылдарына кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.

"Кабыл алынган мыйзамда Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан