Эквадордо куралдуу кагылышуу алып келген "Фито" эмнеси менен белгилүү? Айтып беребиз

Белгисиз адамдар Эквадордун TC Televisión телеканалынын журналисттерин түз эфирде барымтага алышкан. Өлкөнүн президенти Даниэль Нобоа ички куралдуу кагылышуу режимин жарыялады. Жергиликтүү кылмыштуу топтордун лидери "Фито" лакап аты бар Хосе Адольфо Вилямара түрмөдөн дайынсыз жоголгондон кийин Эквадордо куралдуу кагылышуу пайда болду. "Фито" тууралуу эмнелер белгилүү, ошондой эле өлкөдөгү азыркы кырдаал кандай?

"Фито" деген ким?

Ачык булактардын маалыматына караганда, "Фито" Эквадордогу президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсиону өлтүрөм деп коркуткан деп айыпталган. Ал 2023-жылы талапкерлигин жарыялап, үгүт митингинен кийин өлтүрүлгөн. Өлөрүнүн алдында "Фитодон" коркутуулар болгонун өзү да эскерткен. Ошол эле учурда Хосе Адольфо Вильямар мурда адам өлтүрүү жана баңгизат соодасы үчүн 34 жылга эркинен ажыратылган.

Эквадордогу жаңжал эмнеден башталды?

7-январь күнү эртең менен түрмө кызматкерлери "Фитону" камерасынан таппай коюшкан. "Лос Чонеростун" лидери азыр кайда экени белгисиз: тергөө кылмышкер түрмөнүн аймагынан чыга элек болушу мүмкүн экенин моюнга алууда. Анын жоголушу Эквадордогу башка түрмөлөрдөгү туткундардын баш аламандыктарына алып келди, ондогон күзөтчүлөр, аскер кызматкерлери жана полиция кызматкерлери туткунга алынган (айрымдары камерага тартылып өлтүрүлгөн). "Фито" качып кеткенден эки күндөн кийин куралдуу адамдар Гуаякилдеги TC телевидениесинин студиясын басып алышкан. Бир нече сааттан кийин гана полиция барымтадагыларды бошотуп алган.

Азыр өлкөдө эмне болуп жатат?

"Фитонун" качып кеткенинен жана полиция кызматкерлерине бир катар кол салуулардан кийин Даниел Нобоа эки айга чукул кырдаал жарыялап, өлкгө куралдуу кагылышуу режимин киргизди. Эквадордогу кырдаал курч бойдон калууда: тополончулар президент менен сүйлөшүүнү талап кылып, туткундарды өлүм жазасына тартуу менен коркутууда. Перунун өкмөтү да Эквадор менен түндүк чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялады - өлкөнүн премьер-министри Альберто Отарола чек арадагы полицияга жардам берүү үчүн аскерлерди жөнөттү.

Эквадордо акыркы жылдары уюшкан кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда. 2023-жылдын июль айында бийлик бир эле убакта чыккан тополоңдордон улам мамлекеттик түрмөлөрдө эки айга өзгөчө кырдаалды жарыялоого аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан