"Көчөдөн муунтуп өлтүргөн". Баткендин тургуну 22 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Баткенде 22 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип жолдошу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2-январь күнү саат 15:00 чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери Ирелеш айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга кабар берген.

Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 2-январь күнү Садыков көчөсүндө бара жатып, Ж.Г. менен анын жубайы А.К. экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыкканы белгилүү болгон. Анда жолдошу жубайынын моюнун муунткан кезде, келин ошол жерде каза болуп калган.

Маркумдун денесиндеги келтирилген жарааттардын оордугун аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган жагдай боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш Жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ж.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 1992-жылы туулган.

Тергөө аракеттери улантылууда.

Милициядан кошумчалашкандай, каза болгон келин да, жолдошу да майыптыгы бар жарандар. Экөөнүн тең угуу жана сүйлөөсү начар. Алардын ортосунда алты жана үч жаштагы эки кызы бар. Келин буга чейин да жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан