Эл аралык хоккей федерациясы Израилди турнирлерден четтетти

Израилдин хоккей боюнча улуттук курама командасы мелдештерден убактылуу четтетилгенин Эл аралык хоккей федерациясы билдирди.

"Кылдаттык менен карап чыккандан кийин, Эл аралык хоккей федерациясынын Кеңеши Дүйнө чемпиондугунун бардык катышуучуларынын коопсуздугу үчүн Израиль курамасын мелдештерге катыштырбай турууну чечти", - деп айтылат уюмдун сайтында.

Уюмдун билдирүүсүндө, чечим "атаандаштарды коргоо милдетине ылайык" кабыл алынганы белгиленди.

2022-жылы дагы Эл аралык хоккей федерациясы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусия менен Беларустун курама командаларын убактылуу четтеткен.

Израилдин курама командасы дүйнөлүк хоккейдин үчүнчү дивизионунда оюн алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан