АКШда биринчи жолу кылмышкерди азот менен тумчуктуруп өлтүрүп, жазага тартуу иши жүрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 58 жаштагы Кеннет Юджин Смит өлүм жазасына тартуунун бул жаңы ыкмасына дуушар болушу мүмкүн. Ал 1988-жылы Алабама штатында буюрутма алуу менен адам өлтүргөн деп айыпталып, сот аны өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган.
Мындай өлүм жазасы кылмышкердин оозу менен мурдуна респиратор коюу менен жүрөт, ал аркылуу азот айдалат. Эксперттердин корутундусуна ылайык, мындай өлүм жазасына тартылган адам өзүн тумчугуп жаткандай сезбейт. 5 мүнөттөн кийин ал эсин жоготуп, кычкылтектин жетишсиздигинен өлөт.
Жазалоонун бул түрү Алабама, Миссисипи жана Оклахома штаттарында мыйзамдуу, бирок азырынча эч бир штатта колдонула элек.
Өлүм жазасы 25-январда болушу мүмкүн.