АКШ менен Улуу Британия Йеменде аскердик операция баштады

Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия Йемендин түндүгүндө башкаруучу "Ансар Алла" кыймылынын объектилерине каршы аскердик операция баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул иранчыл топко каршы ракеталык соккулар учактардан, жер үстүндөгү кемелерден жана суу астындагы кайыктардан, анын ичинде Томагавк канаттуу ракеталарынан жасалат.

Сана эл аралык аэропорту АКШ-Британ коалициясы тарабынан массалык түрдө бомбаланганы кабарланды. Сана, Аль-Ходейда, Саада жана Дамар провинцияларына да чабуул жасалды. Соккулардын бири Ходейда портуна жакын жерде болду.

"Бүгүн менин көрсөтмөм боюнча, АКШ күчтөрү Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландынын колдоосу менен Йемендеги хусит козголоңчуларынын коркунуч туудурган бир катар буталарына ийгиликтүү сокку урулду. Бул соккулар хуситтердин Кызыл деңиздеги эл аралык кемелерге болуп көрбөгөндөй чабуулдарына, анын ичинде тарыхта биринчи жолу кемеден ташылуучу баллистикалык ракеталарды колдонуусуна түздөн-түз жооп болду", - деген АКШ президенти Жо Байден шашылыш кайрылуусунда.

Йемендин көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн хуситтер Палестинанын ХАМАС кыймылына колдоо көрсөтүп келишет. Алар Израиль менен байланышы бар же Израилдин портторуна бараткан кемелерге кол салууга убада беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан