Ирандын деңиз күчтөрү Оман булуңунда мунай аткезчилиги жана санкцияларды бузду деген айыптоолордон улам АКШ тарабынан бир жыл мурда конфискацияланган мунай танкерин колго түшүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
St Nikolas кемеси Ирактын мунайын жүктөп алып Түркияга бара жаткан.
Өткөн жылы бир миллион баррел ирандык мунай ташыган ушул эле кеме санкцияларга каршы операциянын алкагында Американын көзөмөлүнө өткөн. Андан кийин Тегеран Вашингтонду уурулук үчүн айыптап, бул “жоопсуз калбайт” деп эскерткен.
Бул окуя Brent үлгүсүндөгү мунайдын кымбатташына алып келди.