Орусиянын Пенза облусунда катталган жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 11-январда болжол менен түнкү саат 3тө М-5 Урал федералдык унаа жолунун 504-чакырымында катталган. Анда Москваны көздөй бараткан JAC үлгүсүндөгү минивэндин 1981-жылкы айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Volvo жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаадагы жети киши каза болуп, дагы экөө жаракат алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун бардыгы өзбекстандыктар экендиги тастыкталып, минивэнде Өзбекстандын мамлекеттик номуру болгон.
"Кырсыкка байланыштуу "Керектөөчүнүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, анын айынан эки же андан көп адамдын өлүшү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Өзбекстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгондордун жакындары менен байланышып, сөөктөрдү мекенине жеткирүү чараларын көрүүдө.