Санкт-Петербургдун түштүгүндө Wildberries компаниясынын кампасы өрттөндү. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын маалыматына таянып, аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алгачкы билдирүүсүндө өрттүн аянты 1000 чарчы метр деп айтылган, бирок жарым сааттан кийин куткаруучулар өрттүн аянты 50 миң чарчы метрге чейин жеткенин билдиришкен.
Ал арада компания сатып алуучуларга жоголгон буйрутмалар үчүн акча кайтарылып бериле турганын жана компенсация да төлөнө турганын билдирген.
Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча расмий версиялар азырынча айтыла элек.