Садыр Жапаров Ак үйдөн секире качкан депутат Жамгырчиев боюнча үн катты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ак үйдүн терезесинен секирип түшүп качып кеткен депутат Эмил Жамгырчиев тууралуу үн катты.

Президенттин мамлекеттик "Кабар" агенттигине курган маегинен үзүндү төмөндө:

Депутат Эмилбек Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип качканы тууралуу кабардар болдуңуз да. Эл өкүлүнүн бул жоругун кандай кабыл алдыңыз?

— Кабарым бар. Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, “Салимбай байбача” аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайын кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган.

Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

Ал эми 12-январда депутаттын УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан