Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Скинас бүгүн, 15-январда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуу пландаштырылууда. Анын жүрүшүндө тараптар актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат.
Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар мерчемделүүдө.