24.KG басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева менен башкы редакторлору Антон Лаймар менен Махинур Ниязова УКМКдан сурактан чыкты. Бул тууралуу басылма өзү билдирет.
Маалымдалгандай, алар 407-берене “Согушту пропагандалоо” боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып, маалыматты ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюшкан.
Буга чейин 24.KG агенттигинин редакциясында тинтүү болгону белгилүү болгон.
Атайын кызмат да билдирүү таратып, агенттиктин кеңсесинде тинтүү эмне себептен жүргөнүн ачыктаган.