ЖЫЛНААМА, 17-январь: Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болсо 46 жашка чыкмак

Жумурай журтка таанымал ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 17-январда 46 жашка чыкмак. Ал 42 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Ал төрт жашынан манас айтып, тамга таанып, китеп окуп баштаган. Алгачкы эле окуган китеби "Манас" эпосу болгон. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрүп, төкмө акындык өнөрү боюнча тушоосу 6-классында кесилген. Алгач "Нооруз" майрамында төгүп ырдап, эл оозуна алына баштаган. Жаш таланттын кабары төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, ал шаарга алып кеткен. 15 жашында "Айтышка" катышып, "Айтыш-93" фестивалында баш байгени жеңип алган.

Мектепти аяктаган соң Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун (азыркы искусство университети) фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында уланткан.
Элмирбек Иманалиев калың журтка акындык эле эмес, манасчылык, дастанчылык, обончулук өнөрлөрү менен да белгилүү. Ага таандык "Балкыма", "Мунарым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Жамгырдагы кусамат", "Жолукпай койгун эми", "Коштошуу вальсы", "Булбулум", "Аруузатым" чыгармалары бар.
Ак таңдай акын, комузчу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында 2020-жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Калың журтка төкмө акын, обончу катары таанылган Элмирбек Иманалиев поэзия жаатында да өзгөчө ырларды жаратып кеткен. Акындын ырларын Поэтерапия рубрикасынан шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.

Акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын инисин эскерген маегин бул видеодон көрүңүз.

Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.

Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.

17-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан