
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору
Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда мэрия кабарлады.
Маалым болгондой, 16-январда У.К.Уезбаевге карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөн. Буга байланыштуу мэр А.Жунушалиев У.Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Белгилей кетсек, былтыр 13-ноябрда Уезбаев аталган департаменттин орун басарынан директорлугуна
көтөрүлгөн.
"Дайындоо учурунда Биринчи Май райондук соту тарабынан У.К. Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылган", - деп айтылат маалыматта.