Президент: "Кыргыздар "сен немиске окшошсуң" десе, демек, бул мактоо сөзү болуп саналат"

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Германиядагы сапарындагы Конрад Аденауэр атындагы фонддун имаратында 11-декабрда талкууга катышып жатып, сөзүн тарыхты эстөө менен баштады.

"19-кылымда Кыргызстанга, анын ичинде Талас облусуна биринчи немистер көчүп келишкен. Кийин сталиндик репрессиянын айынан 10 миңдей немис көчүрүлгөн. Кыргыздар аларды тууганындай тосуп алышкан. Ошентип отуруп, Кыргызстанда немистик сапат, немистик милдеттүүлүк жана кылдаттык деген түшүнүктөр кеңири жайылган. Керек болсо, үй сатып алууда да "немистердин үйү экен" деп тандоо жасашат. Эгерде кыргыз "немиске окшошсуң" десе, демек, бул мактоо сөзү",- деп баштады сөзүн Алмазбек мырза. 

Андан ары президенттин айтымында, жакшылык кайтып келерине чоң ишеним артат. "Бир кездеги кыргыздардын немистерге карата жылуу мамилеси унутта калбайт деп ойлойм.Тилекке каршы, акыркы жылдары биз ар бир тыйынды суранып алууга аргасыз болуп жатабыз. Бирок бул жылдар да өтөт деп ниет кылам. Мына, мисалы, европалык биримдик Кыргызстанга эки жылдан бери 15 миллион евро кредит бөлөбүз деп сөз бергенине карабастан, аткарбай келет. Башка мамлекеттерге бөлүнүп жатканын уктум. Ал эми Борбордук Азиядагы жалгыз демократияны куруп жаткан, демократиянын жолу менен бараткан, парламенттик демократияны курууга аракет жасаган өлкөгө эки жылда 15 миллион евро кредитти берүү оор. Мунун баары кайгылуу, бирок биз мындан да суурулуп чыгабыз жана демократиялык өлкө кура алабыз",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан