Камчы Көлбаевдин эки унаасы мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки унаа президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мурда Көлбаевге таандык болгон 2019-жылкы Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү баасы 1 миллион 150 миң сомдук унаа УКМКга, ал эми 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 миллион 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 унаа президенттин иш башкармалыгына берилген.

Көлбаевдин калган унаалары аукциондо турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан