Бүгүн, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы каралды.
Анын жыйынтыгында кармалган 11 журналисттин баарын эки айга камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) болушат.
Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен айып тагылды.
Эки айга камакка калгандар:
• Махабат Тажибек кызы.
• Сапар Акунбеков.
• Азамат Ишенбеков.
• Сайпидин Султаналиев.
• Актилек Капаров.
• Тыныстан Асыпбеков.
• Максат Тажибек уулу.
• Жодар Бузумов.
• Жумабек Турдалиев.
• Айке Бейшекеева.
• Акыл Орозбеков.
Эскерте кетсек, кечээ, 16-январдын таңында кармалган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилгени белгилүү болгон.
Ушул эле күнү Ички иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, суракка алынып келинген 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганын кабарлаган болчу. Министрлик "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Ошол эле учурда 24.KG агенттигинин редакциясында да тинтүү болуп, басылманын директору жана башкы редакторлору 15-январда УКМКда сурак беришкен. Алардын бүгүн да суракка кирип чыкканы айтылган.