Арнольд Шварцнеггер Мюнхен аэропортунда кармалды

Америкалык актёр, Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварцнеггер Мюнхен шаарына келери менен аэропорттон кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, актёр бир нече саат аэропорттун кеңсесинде болгон. Аны кармоого андан аукциондо сатканы жаткан швейцариялык Audemars Piguet аттуу люкс сааттын табылышы себеп болгон.

Шварцнеггер Мюнхенден Климат боюнча дүйнөлүк саммит өтүп жаткан Австриянын Кицбюель шаарына барууну пландаган.

Полициянын маалыматына ылайык, актёр саатты импорт катары каттоого алышы керек болчу. Басылма белгилегендей, Audemars Piguet саатынын орточо баасы 50 миң долларды түзөт, кээ бир моделдердин баасы бир нече жүз миң долларга жетиши мүмкүн. Ал эми бул саат атайын Шварцнеггер үчүн жасалган.

Жыйынтыгында сааттын өзү 26 миң еврого бааланганы менен Шварцнеггерге 35 миң евро айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Актёр бардык сумманы кредиттик карта аркылуу төлөөгө даяр болгон, бирок ага уруксат берилген эмес, анткени жергиликтүү эрежелерге ылайык, бажы төлөмдөрүнүн 50 пайызы накталай төлөнүшү керек.

Шварцнеггер 76 жашта. Анын ата-энеси Австриядан. Ал актёрдук карьерасын 1960-жылдардын аягында баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан