Азамат Кожомамбетов Алай районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Белгилүү болгондой, ал бул кызматка былтыркы жылдын август айында дайындалган. Ага чейин президенттин Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.