Президент камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирди 

Президент Садыр Жапаров 11 журналисттин эки айга камалганы жана аларга козголгон кылмыш иши, 24.kg маалымат агенттигине байланыштуу тергөө иштери тууралуу пикирин билдирди. Президенттин "Кабар" агенттигине берген кезектеги маеги бүгүн, 19-январдын кечинде орус тилинде жарыяланды.

Президент кармалган журналисттер кесипкөй журналист эмес, социалдык баракчаларды колдонгон блогерлер жана алар жоопкерчиликсиз түрдө ар кандай, анын ичинде улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маалыматтарды жарыялай турганын айткан.

"Бардык укуктук өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген бар. Буга байланыштуу таратылган маалыматтын тактыгына биринчи кезекте ошол өздөрүн журналист, блогер деп санагандар жоопкерчилик алышы керек. Жеке блогерлер, активисттер ачыктан-ачык жалган маалымат таратып жатканына далай жолу күбө болдук. Көбүнчө атайылап же билбестен регионалдык, диний жана этникалык кастыкты козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерди жасоого чакырыктар, баш аламандыктарга үгүттөө аракеттери болду", - деген президент.

Мамлекет башчы өлкөдө ар бир жарандын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин эске салып, журналисттер жана блогерлер так маалымат таратуу үчүн жоопкер экенин билдирген.

"Биз сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдойбуз. Бирок көп учурда блогерлер “чымындан пил жасаган” фактыларды жайылтуу менен же коомчулукту манипуляция кылып, дүрбөлөңгө салуу менен алек. Алардын материалдары ойдон чыгарылган маалыматтар менен эмес, фактылар менен бекемделиши керек. Биз коомдо көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин жок болушуна, тагыраагы, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршыбыз. Биздин эркиндигибиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек”, - деди Жапаров.

Жапаров демократиялык өнүккөн өлкөлөрдө да сөз эркиндигин кандайдыр бир саясий максатка, коомдо туруксуздукту пайда кылуу үчүн колдонгондорго чектөөлөр бардыгын, андыктан Кыргызстанда да улуттук коопсуздукту коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.

"Буга байланыштуу биз алдын алуу чараларды көрүүгө аргасызбыз, анткени бул түздөн-түз өлкөнүн улуттук коопсуздугуна тиешелүү. Демократиялык коомдо баш аламандыктын же кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мыйзамда каралган чектөөлөр же санкциялар болсун, белгилүү бир формалдуулуктар зарыл. Бардык тергөө иш-чараларынын аягына чыгышын күтөлү", - дейт мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, 17-январда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкери эки айга тергөө абагына камалган. ИИМ аларды массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген кине менен кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан