
Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 7-октябрда Ооганстанда болгон табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандарга өлкө жардам берген. Демилге президент тарабынан болуп, зилзаладан жабыркаган өлкөгө 111 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
Гуманитардык жардам былтыр 29-ноябрда "жардам кербени" деп уюштурулуп, министр, генерал-майор Бообек Ажикеев Ош шаарынан узаткан. Ошентип 11 жүк ташуучу унаа менен 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк жана Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги астында Өзбекстан аркылуу 2 күн жол жүргөн.
"Оогнстандын “Хайратон” чек ара өткөрүү бекетинен Кыргызстандын убактылуу өкүлү Данияр Жолчиев тосуп алып, Герат шаарына чейинки провинция жетекчилерине жолугушууларды уюштуруп, куткаруучулар өз мекенине кайткыча коштоп жүрдү.
Дээрлик, 2700 чакырым жол жүргөн кыргыз куткаруучулары "жардам кербенин" 5-декабрда көздөгөн жерине Герат шаарына жакын жайгашкан Фаизабад кыштагынын жашоочуларына тамак-аш, кийим-кечелерин жана башка буюмдарды таркатып, медициналык жардамдарын беришти. Ал эми жардамдын калган бөлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылды. 1-декабардан 9-декабрга чейин Ооган өлкөсүндө жет титирөөдөн жабыркагандарга өлкөнүн "жардам кербени" өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайтышты", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылдын 7-октябрында Ооганстандын Герат провинциясында жер титирөө
катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 миңден ашуун адам каза болуп, миңдеген турак-жай жараксыз
болгон. Бул табигый кырсыкта жабыркагандар үчүн өлкө жардам
жөнөткөн.