Индиялык өспүрүм Хемеш Чадалавада Альцгеймер оорусу менен ооруган чоң энеси үчүн гаджет ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Хемеш 12 жаш кезинде жай айларын 63 жаштагы чоң энеси Джаясри менен Гунтур шаарында өткөргөн. Ошол учурда ал чоң энесинин Альцгеймер оорусуна чалдыкканын байкайт.
"Бир күнү чоң энеси ашканага барып чай кайнатып, анан бөлмөсүнө кайтат. Ошол маалда Хемеш ашканага кирип, газдын өчүрүлбөгөнүн көрөт.
Хемеш үчүн чоң энесинин мындай оору менен ооруганын карап туруу кыйынга турган. Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, өтө жигердүү аял катары Хемештин эсинде сакталчу. Чоң энеси ооруп калгандан соң таңкы саат 3-4төрдө ойгонуп, көчөгө чыга баштаган. Ал өзүн поездде бараткандай сезчү", - деп жазылат анда.
Хемеш бул учурда чоң энесине жана эс-тутуму начарлагандарга жардам берүүнү каалап, атайын гаджет ойлоп тапкан.
Мындай оору менен ооругандарга эмне керек экенин түшүнүү үчүн ал Альцгеймер жана ага байланыштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча Индия коомунда көп убакыт өткөргөн.
"2023-жылы Хемештин чоң энеси каза болгон. Өспүрүм ал үчүн ойлоп тапкан гаджетти көрсөтүүгө жетишкен эмес. Бирок ал андан баш тартпай, ойлоп тапкан гаджетин массалык өндүрүшкө киргизүүнү чечти.
Ошентип Хемеш "Альфа монитор" аталышындагы гаджетин жаратты. Гаджет шаарларда бир жарым чакырымдан ашык, айыл жеринде беш чакырым алыстыкта жүргөн адамды аныктай алат. Колдонмо оорулуу жыгылып же алыс жакка кетип бараткан болсо, жакындарына эскертүү берет"- деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле гаджет импульсту жана температураны да өлчөп, ал тургай дары-дармектерди ичүү убактысын эскертип турары маалымдалат.
Учурда Хемеш 17 жашта. Ал ушул жылдын сентябрь айында "Альфа мониторун" сатыкка чыгарууну пландоодо.