Бүгүн, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Түркия менен биргеликте маданий борборлорду ачуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоору боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу маалымат берди.
Макулдашуунун шарттарына ылайык, маданий борборлорду, анын филиалдарын эки өлкөнүн аймактарына ачылышына шарт түзүп, достук мамилелерди өнүктүрүү, маданият, илим, билим тармагында эки тараптуу кызматташтыкты камсыздоо, мекендештерге көмөк көрсөтүү, эне тилди жана улуттук каада-салтты сактоо, тыгыз карым-катышты орнотуу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.
Келишимге кыргыз тарап келечекте кыргыз маданий борборун ачууну ишке ашыруу максатында жана ченемдик укуктук базаны түзүү үчүн кол койгон. Анткени Кыргызстандын маданий борборлорун Анкарада ачууда борбордун ишмердигин жөнгө салган документтерди иштеп чыгуу, республикалык бюджеттен кошумча каражат, тагыраагы, имараттын ижара акысы, же жер тилкесин сатып алып, маданий борбордун имаратын курууга, кызматкерлерди жалдоого жана коммуналдык кызматтар үчүн акча талап кылынат.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мындай маданий борборлорду Кыргызстандын өзүндө да ачуу зарылдыгын айтып, муну менен катар музейлерди өнүктүрүү, андагы экспонаттарды көбөйтүү маселесин да көтөрдү.
Ал эми эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев бул долбоорго бөлүнгөн 20 миллион сомдун кайсы бөлүгү аталган борбордун кызматкерлеринин айлык акысына бөлүнөрүнө кызыкты. Буга баяндамачы ырастагандай, жылына үч кызматкерге 1 милиион 333 миң сом каралган. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы маданият борборун ачуунун каржылык жана уюштуруу маселелерине токтолуп, техникалык кызматкерлер үчүн да штаттык бирдиктерди ачуу керектигин кошумчалады.