Кыздар окуган медреселерди текшерүү керек. Мындай демилгени парламенттин бүгүнкү, 25-январдагы жыйынында эл өкүлү Динара Ашимова көтөрдү.
"Өлкөдө 109дан ашык медресе бар. Алардын жарымынан көбү кыздар жана аялдардын медреселери экен. Мында кыздар бир гана теология жаатында билим алып, бир адистикке ээ болбой, медресени бүткөндөн кийин иштеп акчаны тапканы мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошон үчүн көп кыздар экстремисттик агымдарга кирип кетип, кооптуу тенденция жаралууда.
Дин комиссиясы иш алып барбай жатат. Анан медресени бүткөндөн кийин эле күйөөгө тийип кетип, ажырашуулар көп болуп жатат. Зордук-зомбулук өсүүдө, мага күнүнө 100-150 кайрылуу келет. Азыр көңүл бурбасак бул тармакта зордук-зомбулук, билимсиздик күчөп баратат", - дейт эл өкүлү.
Депутат кошумчалагандай, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да бул жаатта алгылыктуу иш алып барбай жатат.