Коңшу Казакстандын "Кабирхан" аттуу аргымагы Дубайда өткөн элиталык мелдеште баш байгени багындырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Мелдеш кечээ, 26-январда Дубайдагы "Мейдан" ипподромунда өткөн. Мелдештин башкы байгеси 1 миллион доллар болгон. Ага жалпы 13 аргымак катышып, жыйынтыгында "Кабирхан" аргымагы баш байгени утуп алган.
"Кабирхан" учурда төрт жашта, породасы таза англис. Аргымак АКШда туулуп, 2021-жылы күзүндө 12 миң долларга сатылып алынган. Ал эки жашында Алматы ипподромунда дебют жасаган.
Буга чейин аргымактын ээси арабдар "Кабирхан" үчүн миллион доллар сунуштаганын, бирок бул сунуштан баш тартканын айткан.