Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барат 

Президент Садыр Жапаров расмий визит менен Казакстанга барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке визит менен келген Казакстандын башкы дипломаты Мурат Нуртлеу менен болгон жолугушууда маалым болду.

Кабарлангандай, быйыл эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны да боло турганы айтылды.

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга былтыр ноябрда барып, Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышкан болчу. Ал эми бул жолку визитинин так датасы азырынча айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан