Түркия: Чиркөөдөгү ок атууга шектелип Орусиянын жана Тажикстандын жараны кармалды

Түркиянын Стамбул шаарындагы Санта Мария чиркөөсүнө ок атууга шектелип, Орусиянын жана Тажикстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая журналисттер үчүн жасаган маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, ок атуудан Тунжер Жихан аттуу адам каза тапкан. Бул кылмыш боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алган.

"Ыкчам аракеттерге өткөн Түркиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 30дан ашуун жерге текшерүү жүргүзүп, 47 адамды каттоого алган. Жыйынтыгында саат 22:00дө анык шектүү делген эки адам полиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бири Орусиянын, бири Тажикстандын жараны болгон", - деди министр.

Эске салсак, кол салуу кечээ, 28-январда Стамбулдун Сарыйер аймагында жекшембилик сыйынуу учурунда болгон. Анда бет капчан эки адам чиркөөгө кирип келип ок чыгарышкан. Жыйынтыгында бир адам окко учуп, бир канча адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан