Жапаров: "Кыргызстан күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, футбол боюнча да дал ошондой деңгээлге жетет деп ишенели"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, футболдун тегерегиндеги суроолорго жооп берген. Маектин жүрүшүндө мамлекет башчы көп нерсе машыктыруучудан көз каранды экенин айткан.

"Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл.

Ошол үчүн азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат", - деп билдирген өлкө башчы.

Жапаров фубол боюнча курама келечекте жакшы жетишкендиктерге жете турганына ишеним артууга чакырды.

“Үмүтсүз – шайтан” дейт. Үмүт үзбөшүбүз керек. Көк бөрү деле командалык оюн да. Келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенели. Сабыр кылып тургула", - дейт Жапаров.

Эске салсак, 25-январда Кыргызстандын футболчулары Оман менен болгон беттеште тең чыгып, команда F тайпасында төртүнчү орунду ээлеп, Азия кубогунан четтетилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан