Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат. Визит 1-2-февралга паландалганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана "Digital Almaty 2024: Industry X" эл аралык санарип форумуна катышат.

ЕӨАКтин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу тараптардын өкмөт башчылары соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутуму жана башка актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн карашат.

Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге жыл сайын өтүүчү "Digital Almaty" санарип форумунун пленардык жыйынына катышат.

Форумга белгилүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, визиттин алкагында делегация башчыларынын, анын ичинде Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министринин Алихан Смаиловдун ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат жана бир катар маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрүнө көз салышат.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун да аталган өлкөгө иш сапары пландалганы кабарланган. Бирок анын датасы так айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан