Жогорку Кеңеш КРСУнун ишин жакшыртууга багытталган макулдашууну жактырды

Бүгүн, 31-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги "Кыргыз-Орус Славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө" эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуу каралып, үч окууда кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу тараптар заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан илимий-билим берүү комплексин түзүү, анын ичинде университеттин административдик-башкаруу персоналын дайындоо маселелерин кайра кароо максатында, окуу жайдын ишмердигинин шарттары жөнүндө жаңыланган келишимдин долбооруна кол коюу маселесин демилгелешкенин белгиледи.

Макулдашууда тараптардын университетти башкарууга биргелешкен жана бирдей укукта катышуусу үчүн Башкаруу кеңеши түзүлөрү каралган. Ал жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат, курамы Кыргызстан менен Орусиядан алты адамдан турган ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Университеттин башкаруусунда бирден-бир аткаруучу орган болуп ректор эсептелет, ал 5 жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна бекитилет жана ректордун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Таалайбек кызы аталган университеттин иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилинин маанилүүлүгүн белгиледи. Депутат Талант Мамытов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү шарттар менен жаңыланган келишим долбооруна кол коюу маселеси демилгеленгенин, буга байланыштуу аны ратификациялоо зарылдыгын айтты.

Депутат Кундузбек Сулайманов КРСУнун бүтүрүүчүлөрү кыргыз жана орус үлгүсүндөгү эки диплом аларын эске салып, Орусияда жогорку окуу жайдын дипломун таануу жөнүндө маселени тактады. Билим берүү жана илим министринин орун басары аталган окуу жай Орусиянын реестрине киргизилгендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан