Президенттин Ош облусундагы өкүлүнө жаңы орун басар дайындалды

Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасын жетектеп келген. Аталган кызматтан былтыркы жылдын ноябрь айында алынган.

Ал эми өкүлдүн орун басары кызматын 2022-жылдын август айынан бери Эрнист Толтоев аркалаган. Ал жакында эле өз арызынын негизинде кызматтан кеткен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан