Алимент төлөөдөн качкан жарандарды 3 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды

Юстиция министрлиги алимент төлөбөгөн жарандарга карата жазаны күчөтүп, үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.

Азыркы мыйзам боюнча алимент төлөбөгөндөргө 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат, же кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартылат, же болбосо эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

Сунушталып жаткан долбоордо жогорудагыдай жазаны бир жылга чейин төлөбөгөндөргө гана колдонуу демилгеленди. Ал эми 12 айдан ашып кетсе бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу, же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү Аида Исатбек кызы, Эльвира Сурабалдиева, Дастанбек Жумабеков алимент өндүрүүнүн механизмдерин тактоо, сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бул көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү жолдорун издөө зарылдыгын белгилешип, көп учурда айып пулдардын суммасын көбөйтүү каалаган жыйынтыкка алып келбей турганын жүйө келтиришти.

Дастанбек Жумабеков долбоордогу алимент төлөбөгөнү үчүн жарандарды абакка кесүү сунушун “аша чапкандык” деп баалап, мындай чара кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтты. Ал мындай жарандарга өлкөдөн сыртка чыгышына, банктардан насыя, айдоочулук күбөлүк алуусуна тыюу салуу сыяктуу чараларды көрүүнү сунуштады.

Натыйжада депутаттар сунуш, пикирлерди эске алып мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова экинчи окууга депутаттардын сунушу эске алып, оңдоп-түзөө менен алып келүүнү убадалады.

Жогорку Кеңеш 31.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан