Акылбек Жапаров Орусиядан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган делегация өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, ошондой эле өнөр жай индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин бул тармактарда иш жүргүзгөн Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан