Адылбек Касымалиев KOICA'нын Кыргызстандагы директору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында маселелерин талкуулашты.

"Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги мамлекеттик процесстерди санариптештирүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өрт-куткаруу кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга чоң салым кошту", - деп белгиледи Касымалиев.

Өз кезегинде Ли Чонсу биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалы тууралуу айтып, эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан