Депутаттар жазгы-талаа иштерин өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угууда

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угууда.

Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берди. Ал быйыл ишке аша турган айыл чарба долбоорлорун тизмектеп, суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттуу план түзүлгөнүн билдирди.

"Кыргызстанда 200дөй кайра иштетүүчү ишкана бар, биз дыйкандарды аларга биригүүгө чакырып жатабыз. Аларга мамлекеттик фонддун жерлерин берүүгө даярбыз",- деди ал.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков суу тартыштыгын эске алуу менен Талас облунун аймагында суткалык (БСР) жана декадалык (БДР) жөнгө салуу бассейндерин куруу сунушун айтып, быйыл ирригация тармагына бөлүнгөн каражаттарды сурады. Төрөбаев ирригацияга быйыл 2,2 миллиард сом каралып, былтыр 1 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев өлкөдөгү буудай тартыштыгы боюнча көйгөйгө токтолуп, Орусиянын аймагында жер иштетип, буудай өстүргөн мекендештердин жыйнаган түшүмүн сатып алуу маселесин кароо сунушун берди.

Депутат Талайбек Масабиров Суусамыр өрөөнүн жылдан-жылга алтыгана бадалы каптап бара жатканын айтып, тиешелүү министрлик алгылыктуу чара көрүү менен жайыт жерлерин тазалоону ыкчамдатышы керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан