Ломбарддардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору комитеттин кароосуна кайтарылды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ломбард иши чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Таалайбек Масабиров мыйзам долбоору финансылык тейлөө алган керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ломбарддык кредит боюнча жол берилген эң жогорку жылдык пайыздык ченди белгилөөгө жана ломбарддардын кредиттик бюролорго маалыматтарды өткөрүп берүү практикасын жоюуга багытталганын белгиледи.

Талкуу учурунда депутат Бактыбек Чойбеков сүткорлук ишмердүүлүгүн чектөө маселесин ортого салып, мыйзам долбоорун айтылган маанилүү аспектилерди эске алуу менен толуктоо үчүн биринчи окууга кайтарууну сунуштады. Бул сунушту Аманкан Кенжебаев да колдоп, бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңири коомдук талкуу өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитеттин кароосуна кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан