Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, визиттин алкагында Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат.

Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анын катарында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министринин Алихан Смаиловдун ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат жана бир катар маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрүнө көз салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан