Депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын алуу маселеси каралат

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев мандатынан ажыратылат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 2-февралда анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карай турганы маалым болду.

Бош калган мандат "Альянс" фракциясынан тизмедеги кийинки талапкерге өтөт.

Ушул эле күнү Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселе да каралат.

БШК 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде “Альянс” партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Былтыр 31-октябрда “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шектелип кармалып, үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан