Бүгүн, 2-февралда Сыдыгалиев Адыл Бабанович Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин агенттиктин директорунун милдетин Алмамбет Касымбеков аткарып келген.