"Чала-була кылбай оңдоп койсо болмок". Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толугу менен модернизация болорун айтты

Бишкек Жылуулук электр борборун толугу менен модернизациялоого тапшырма берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын маегинен үзүндү төмөндө:

— ЖЭБде авария катталганы тууралуу маалымат чыгары менен коомчулук 2018-жылдагы аварияны эстешти. Ал кезде ЖЭБди модернизациялоо менен байланыштырышты эле. Андан бери алты жыл өттү. Ошол кездегидей окуянын кайталанышына эмнеге жол берилди? Жылуулук борборунда дагы деле жыл сайын ремонттоо иштери жүрүп турабы? Же модернизациялоо иштеринен кийин боло элек беле?

— Бул ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген экен. Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз.

— Азыр айрымдар авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болду, эгер модернизация болуп, жаңы блоктор курулбаганда кырдаал азыркыдан дагы алда канча кыйын болмок деп айтып жатат. Башкача айтканда, модернизация болгону туура эле болгонбу?

— Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.

Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп” мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми.

Эске салсак, 2018-жылдын 26-январында Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразычылыгын жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан