Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-5-февралда расмий сапар менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин чакыруусу боюнча министр Кулубаев коңшу өлкөгө барат.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулуп, кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу маселелери талкууланат.