Түркмөнстан Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөттү (сүрөт)

Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөттү. Бул тууралуу түркмөн президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу көмөк көрсөтүү үчүн гуманитардык жүк 3-февралда темир жол аркылуу жиберилген.

Поездге “Жашасын түркмөн-кыргыз достугу”, “Кыргыз элине достук жардамы” деп жазылган.

"Кыйын кырдаалда көрсөтүлүп жаткан колдоо өзгөчө мааниге ээ. Бир тууган өлкөгө бир туугандык жардам көрсөтүү гуманизмдин улуу ишин улантуу дегенди билдирет. Түркмөнстандан Кыргызстанга суюлтулган газдын жөнөтүлүшү оор күндөрдө бир туугандык жардам көрсөтүүдөгү ак ниеттүүлүктүн дагы бир көрүнүшү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан