Ошто ооруканада белгисиз жаран дарыгерлерди сабаган видео тарады

Ошто ооруканада белгисиз жаран дарыгерлерди сабаган. Окуянын видеосу бүгүн, 4-февралда социалдык тармактарда тарады.

Видеону бөлүшкөндөрдүн бири дарыгерлерге кол көтөргөн жаран милиция кызматкери экенин жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына окуяга милиция кызматкерлеринин таптакыр тиешеси жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунда 31-январда саат 23:00 чамаларында орун алган.

"Ош ШИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош шаарынын тургуну өз агасын көп ичкендигинен улам аталган мекемеге дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси агасынан кабар алганы келип, анын мас абалда экенин көрүп, дарыгерлерге "мен силерге ишенип, дарылатуу үчүн алып келсем, силерде дагы мас абалда жүрөт" деп нааразычылыгын билдирип, жаңжал чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

Ошто ооруканада белгисиз жаран дарыгерлерди сабаган видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан