Бишкекте бардык үйлөргө жылуулук берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда энергетика министри Таалайбек Ибраев ЖЭБдеги абал боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда шаардагы батирлерде жылуулук берилип жатат.
Мындан тышкары министр учурда абал туруктуу экенин, авариянын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын белгилеп, ысык суу эртең менен толук берилерин айтты.
“Ысык суу менен 70 пайызга чейин камсыздалды. Эртең таңга чейин бишкектиктердин баарына жеткирүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.