Жээнбек Кулубаев Душанбеде Тажикстандын президенти менен жолугушту

Бүгүн, 5-февралда Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуу учурунда Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Анда Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Расмий сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, Кыргыз делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан