Президент салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мыйзам былтыркы жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен айрым учурларда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документи каралган.

Мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.

Соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес болбой турган мөөнөт – 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат.

Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан