Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.