"Донорду өзү табат". Садыр Жапаров акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы боюнча айтып берди

Кыргызстанда 50 бейтап донор таап, акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдана баштады. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Бейтап донорду өзү табат. Бул – иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси деген сыяктуу жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү. Муну бейтаптар өздөрү жакшы билишет. Жакында эле донор боло алчулардын тизмегин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койдум.

Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат.

Андан кийинки процедуралары боюнча суроолоруңар болсо министрликке кайрылсаңыздар болот", - деди Жапаров.

Ошондой эле президент учурда 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталганын кошумчалады.

Операцияга 7-8 миң доллар керектелет. Бирок анын баарын мамлекет өзү төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан