Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 8 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын материалдары кеңешке кайтарылган.

Президенттин 8 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктары чыкты, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

  • Баткен облустук соту: Апышев Алмазбек Апышевич;
  • Ош облустук соту: Джаналиева Миргуль Джаныкеевна;
  • Кара-Суу райондук соту: Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;
  • Чүй облустук соту: Абдиева Тынара Курмантаевна; Абдырашитов Тилек Арстанбекович.
  • Ысык-Көл облустук соту: Кокшенова Сымбат Темирбековна
  • Ысык-Көл облусунун административдик соту: Абдыкадырова Зарина Омаровна;
  • Бишкектин Ленин райондук соту: Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан