Президент Түркмөнстандын башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-февралда президент Садыр Жапаров жана Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, өлкө лидерлери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү улантыларына ишенимин билдиришти.

Садыр Жапаров түркмөн тарапка Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан боордош түркмөн элинин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыкканын өзгөчө белгилеп өтүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан